RESOURCES

ЖОГОРКУ БИЛИМДЕГИ РЕФОРМАНЫ КАЙРА КАРАП ЧЫГУУ

Author: Ziauddin Sardar, Jeremy Henzell-Thomas

ЖОГОРКУ БИЛИМДЕГИ РЕФОРМАНЫ КАЙРА КАРАП ЧЫГУУ

    Мусулман коомдорунун билим алуу тармагындагы башынан өткөрүп жаткан кризиси өтө оор. Абалдын канчалык коркунучтуу экенин акыркы изилдөөлөр көрсөттү. «Адам өнүгүү» баяндамасына таянсак, 2003-жылга карата араб өлкөлөрүнүн «Билим жетишсиздиги» – олут-туу жана терең жайылган, башка араб өлкөлөрү боюнча да ушундай жыйынтык чыгарса болот. Жакында эле изилдөө иштери жана башка басылмалар дагы ушул сыяктуу жыйынтыктарды кабарлашты. Алгачкы 80-жылдары IIIT өзүнүн Иш планында мындай деди: «Кылымдар бою өсүү болбогондуктан, сабатсыздык, наадандык жана ырым-жырым мусулмандар арасында жайылып кетти» жана «бул терс көрүнүштөрдүн айынан, карапайым мусулмандар сокур ишенимге бөлөнүп, литерализм жана догматизмге таянууга аргасыз болду».
    Институттун аныктамасында – бул оорунун негизги себеби акыл-эстин жана методиканын төмөндөшү болгон, эгер тереңирээк изилдей турган болсок, акыл-эстин жана жүрөктүн пайдасыздыгын көрө алабыз. Акыркы бир нече жыл ичинде IIIT мусулман коомдорунда билим берүү абалын талкуулоо жана келечекке туура жол тандоо боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү. Андан кийин 2013-жылдын 9-10-декабрын-да Wilson Center менен биргеликте Мусулман коомундагы Жогорку би-лим реформасына арналган эки күндүк симпозиум өттү.
    Андан аркы интенсивдүү талкуулар IIITнин Улуу Британиядагы жо-лугушууларында өтүп, бир нече корутундуларга ээ болду. Чындык-ты бытыранды кылып, бөлүп жарган жалпы эле коомдук илимдер оор сынга кабылары байкалып, саясий, коомдук, экономикалык жана психологиялык жактан адам башка түргө кирген сыяктуу эле, өзүнчө изилденүүгө тийиш. Билим алуу жана жогорку билим кризиси бир гана мусулман коомчулугу менен чектелбейт деп түшүндүрүлгөн. Батыштагы жогорку билим тармагы дагы кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатат, бирок бул жактагы кризис башка мүнөзгө ээ.
    Гарвард колледжинин мурдагы деканы Гарри Р. Льюис өзүнүн «Ички дүйнөсүз артыкчылыкка ээ болуу» деген китебинде буларга токтолгон: «Либералдык билимдин келечеги барбы? Көптөгөн башка маселелер китеп жана гезиттерде көтөрүлдү. Башка корутундуда, жогорку билим-дин жалпы көйгөйлөрү – эпистемологиялык жана этикалык мүнөздө экени белгилүү болду.
    Алдыга кадам шилтөө үчүн, билимге карай интеграция жолдору ме-нен көйгөйлөрдү чечип, окшош тартиптерди кайра карап чыгып жана ой-жүгүртүүнүн жаңы методдорун жаңы ачылган билимге жуу-рулуштуруу абзел жана бул идеялар адамдардын жардамы менен ишке ашаары күмөнсүз. Башка сөз менен айтканда, бизге куран идеяларына таянып дүйнөгө болгон көз караштан алынган жаңы парадигма жана таухид (Кудайдын жалгыздыгы) окуусунда негизделген эпистемология керек, ошону менен бирге кудайдын астында болгон өзүбүздүн жооп-керчилик, адамдын ички дүйнөсү, гумандуулук, бардык жандыктар жана жаратылыштын да орду эбегейсиз зор.
    Бул парадигма үчүн жаңы ачылып жаткан билим менен адамзаттын би-лими чоң мааниге ээ жана коомдун плюрализмдик жана ар түрдүүлүк жагынан шек санабайт, ошондой эле ыкчам ылдамдыкта өнүгүп жаткан технологиялар жана инновациялар дүйнөнү трансформация кылаары күмөнсүз.
    Бир нече интенсивдүү жолугушуулардан кийин, Улуу Британ профессору Абдельвахаб эль-Аффендиге билим берүү реформасы боюнча концептуалдуу документ (түшүнүк кагаз) жазып чыгуу сунушу кирги-зилген.  Жазылган түшүнүк кагазы доктор Жереми Хензелл-Томастын талкуусунан өткөн. Концептуалдуу документти (Түшүнүк кагаздарын) профессор Зиауддин Сардар синтездеп “Исламдашуудан билимге карай интеграция: Жогорку билимди кайра карап чыгуу реформасы” деген тема менен жарыкка чыгарган.
    Ислам ойлорунун эл аралык институту, Стамбул университетинин Теология факультети жана MAHYA биргелешип уюштурган “Мусулман коомундагы билим реформа” конференциясы 2016-жылдын 18-19-мартында өтүп, анда концептуалдуу документ талкууга алынган.
    Кошумча үч документ менен катар концептуалдуу документ ушул чы-гарылышка киргизилген. Аны эл аралык ислам идеялары институтунун жана «The Center for Postnormal Policy and Futures Studies» биргеликте жарыкка чыгарды.
    Стамбулда өткөн «Мусулман коомундагы билим реформа» конферен-циясы негизги төрт теманы камтыган:
• Ислам мурасынын мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү, билимдеги ислам этикасы
• IIITнин билим жана мурас интеграция маселелери
• Билим берүүдөгү үстөмдүгү чоң парадигмалардын маселелери жана багыттары
• Ааламдашкан дүйнөдөгү билим берүүнүн келечеги
    Конференциядан кийин, Стамбул, Коня, Вашингтон, Лондон, Брюссель, Кейптаун шаарларында бир нече жолугушуулар болду. Чогулуштардын максаты бир катар көйгөйлүү маселелерди кылдат талкуулап, жакшы демилгелер, пайдалуу сунуштар жана тажрыйбалар менен ой бөлүшүп, алдыдагы жолду натыйжалуу аныктоо болду. Университеттин ректорлору, факультеттин декандары жана ар кайсы мамлекеттин өкүлдөрү менен жеке дискуссиялар өткөрүлдү. Кыскача баяндамасы бар чыга-рылышка жана баштапкы кыскартылбаган чыгарылышка кошумча кылып «The Postnormal Times Reader» аттуу басылма жарык көрө баштады. Бул басылма билим жаатындагы аспектилерди камтып «The Centre for Postnormal Policy and Futures Studies» менен биргеле-шип чыгарылат.
    Бул реформалуу долбоор – жалпысынан алганда маанилүү маселелер-дин алкагында парадигманын келечекке карай арыштуу кадамдары жана билим тармагын биринчи максатка коет.
    Мусулман коомунун рухий окшоштуктары жана фундаменти деп эсеп-телген, рухий жана этика эреже принциптерин эске алуу менен бирге, азыркы тартиптерди реформалап, жаңы тартиптерди киргизип, азыркы билим менен дискурсту айкалыштырып иштөө талап кылынат.

    Ой келишпестикти жаратуунун ордуна, мусулман коомунун жогорку билим реформасы плюрализмди жана заманбап тармактык дүйнөнүн ар түрдүүлүгүн таанып, билимге болгон бир багыттуу жана бир жактуу мамилени чыгармачыл жана кененирээк түшүнүү деңгээлине өткүсү келет (адамдардын ар кандай жерлерде, түрдүү каада-салттар менен жашаганы менен байланыштырат). Оор басырыктуу, тең салмактуу жана натыйжалуу баарлашуу негизги философиянын өзгөчөлүктөрү болуп саналат.
    Бул томдогу айтылган ойлор жана идеялар, изилдеген маселелер боюн-ча талаш-тартыштарга жана талкууларга өбөлгө түзүүчү катализатор болот деген үмүттөбүз.
    Негизги максат – жаңы, ыңгайлуу жана тажрыйбалуу сунуштарды жо-горку билимдин бардык тармагында даярдап чыгуу, алардын жардамы менен «Мусулман коомдорунун жогорку билим реформасын» колдоо жана байытуу. Биз изилдөөчүлөр жана эксперттерди өз ойлорун, сын-пикирлерин жана жазган материалдарын ортого салып, кызуу талкууга катышууга чакырабыз.