RESOURCES

СВЕТТИК АҢ-СЕЗИМДИН ЧАГЫЛДЫРУУЛУСУ: АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН КУДАЙ ЖОК ЖАШООГО УМТУЛУУСУ

Author: Haggag Ali

СВЕТТИК АҢ-СЕЗИМДИН ЧАГЫЛДЫРУУЛУСУ: АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН КУДАЙ ЖОК ЖАШООГО УМТУЛУУСУ

    Бул Ислам Ойлору Эл аралык Институтунун (IIIT) кыскача китептер сериясы окурмандарга түп нусканын негизги мазмуну жөнүндө түшүнүгүн берүү үчүн институттун негизги публикацияларынын кыска формага келтирилген баалуу коллекциясы болуп саналат. Окуганга ыңгайлуу, убакытты үнөмдөгөн кыска форматта чыгарылат. Бул конспекттер чоңураак, ири публикациялардын жакындан кылдат изилденген обзорлору болуп, окурмандарды түп нусканы андан ары тереңдеп изилдөөсүнө түрткү болот деп үмүттөнөбүз.

    Хаггаг Алинин Светтик аң-сезимдин чагылдыруулусу: Азыркы замандын Кудай жок жашоого умтулуусу аттуу эмгеги толугу менен 2013- жылы жарык көргөн. Светтик аң-сезим алдына чоң план койгон: жердеги бейишти орнотуу, азыр жана мында утопия, адам акылы менен башкарылган азыркы цивилизация, рационалдуулук жана өнүгүүнүн жеңиши. Бирок идеалдуулук менен ага жетүү жолдору эки башка нерсе. Адамзатты Кудайдын жана диндин “кишендеринен” бошотуу оңой эмес экени далилденди.

    Светтик аң-сезимдин чагылдыруулусу аң сезимдин кабыл алуусу же дүйнөнү чагылдыруу жолдору адамзаттын бири-бири менен болгон мамилесине жана коомдук өнүгүүгө кандайча таасир бергенин аныктоо үчүн рационалдуулуктун жана светтик материалдуулуктун көйгөйлөрүн сын көз караш менен изилдейт. Анда эки изилдөөчүнүн, көрүнүктүү араб окумуштуусу Абделвахаб М. Элмессири (1938-2008) менен дүйнөдөгү эң алдыңкы социологдордун бири Зигмунт Баумандын (1925) ойлору салыштырылат. Акыркы бир канча жылдарда Батыштын азыркы заманды сындоосу мусулман изилдөөчүлөрүнүн светтик замандын мүнөздүү багытына, анын өзгөрүүсүнө жана кесепеттерине болгон көз караштарын ырастаган жаңы ойлорду, образдарды, терминдерди жана түшүнүктөрдү ойлоп табуусуна түрткү болду.

    Бул китеп светтик идеологиянын умтулуусу адамзаттын аң-сезимин түбүнөн өзгөртүп жана адамды максаты жок пайдалануучу катары, бир нерсени ишке ашырууга болгон аракеттен тажаган, физикалык көрүнүштөрдү башкарган материалисттик мыйзамдарга баш ийген жандык катары эсептейт деп анын негиздеринен күмөн санайт. Мында Фашисттик Германия менен Евгеника кыймылы Коомдук Дарвинизмдин бир түрү болгон деген тереңирээк тезис дагы камтылган. Булар, Алинин айтуусу боюнча, азыркы замандын негиздеринен четтөө эмес, философияга жамынган өзүн-өзү жок кылуу элементтери бар заманбап жашоонун көз карашынын туруктуу жыйынтыгы.