RESOURCES

ОЙ ТОЛГОО Исламдык руханий- психологиялык изилдөө

Author: Malik Badri

Хадистердин Аныктыгын Далилдөө

    Ислам Ойлору Эл аралык Институтунун (IIIT) – кыскача жазылган китептер жыйнагы
    Бул Ислам Ойлору Эл аралык Институтунун (IIIT) кыскача китептер сериясы окурмандарга түп нусканын негизги мазмуну жөнүндө түшүнүгүн берүү үчүн институттун негизги публикацияларынын кыска формага келтирилген баалуу коллекциясы болуп саналат. Окуганга ыңгайлуу, убакытты үнөмдөгөн кыска форматта чыгарылат. Бул конспекттер чоңураак, ири публикациялардын жакындан кылдат изилденген обзорлору болуп, окурмандардын түп нусканы андан ары тереңдеп изилдөөсүнө түрткү болот деп үмүттөнөбүз.
    Малик Бадри «Ой толгоо: исламдык руханий-психологиялык изилдөө» китебинде ой толгоо тууралуу исламдык, заманбап жана руханий көз карашта түшүндүрмө берип, психология жаатында изилдейт. Батыш психологиясы ондогон жылдар бою адамдын абалын, айрыкча бала чактын кийинки жашоого берген таасирин изилдөөгө мүмкүндүк берип өнүгүп келген. Ошентсе да, адамдын психикасы туурасындагы бул билимибиз көбүнесе тарыхый-маданий чөйрөнүн, башкача айтканда светтик-гуманисттик көз караштын жыйынтыгы болуп, акыл-эс кандайдыр бир «түшүнүүгө» мүмкүн болгон, ал эле эмес жасалма интеллект алгоритмдеринин жардамы менен компьютерде окшоштуруп тууроого мүмкүн болгон нерсе каралат. Жасай ала турган нерсе катары бааланат. Акыл-эс – бул жөн гана «бөлүктөрдүн жыйындысы» эмес, кандайдыр бир сыйкырдуу да нерсе эмес, бул жүрөк жана «жан дуйнө» менен байланышкан нерсе катары бааланып, адам денесиндеги ага берилген мүмкүнчүлүктөрүн жана аткарган кызматын толугураак изилдөөнү талап кылат.
    Акыл-эсти сан ченемдүү машина/механизм катары түшүнүү коопсуз мейкиндик деп каралат, ошол эле убакта ченемге алууга мүмкүн эмес акыл-эс түшүнүгү илимий ыкма менен билим алгандарга аны психология жаатында колдонуу жетишерлик татаал болушу мүмкүн. Традициялык Батыш психологиясында убакыттын өтүшү менен адамзат жаратылышынын табышмагы ачылат деген зор ишеним ар дайым болуп келген. Айрым жаркын ойлуу окумуштуулар акыл-эс жөнүндөгү түшүнүктү өнүктүрүүгө чоң аракеттерди кылышкан, ошого карабай көптөгөн суроолор дагы эле жоопсуз бойдон калууда. Айрым психологиялык көйгөйлөрдүн, айта кетсек депрессия, тынчыздануу, коркунуч жана суицид көрсөткүчтөрүнүн дүйнө жүзү боюнча көбөйүп жатышы жана мындан да күчөшү ыктымал экенин эске алсак, адамзаттын ички дүйнөсүн түшүнүү үчүн тереңирээк изилдөөлөрдү тезинен ишке ашыруу керектиги айдан ачык болот.

    Психологиялык оорулар менен жапа чегип жаткандарды айыктыруу үчүн натыйжалуураак колдоо жана терапия жолдору иштелип чыгышы зарыл. Традициялык Батыш психологиясында, акыл-эсти механикалык нерсе катары баалоо адамзаттын «руханий» жараталышын баркка албайт, бирок айрым Батыш психологдору мусулмандар жана башка динге ишенгендер дайыма ишенип келген адам «рухун» жана анын адамдын жашоосундагы маанисин таанып башташты. Мындай көрүнүш көпчүлүккө үмүт отун жандыра ала турган, психикалык оорулар менен жабыркагандарга гана эмес, дегеле башкаларга да жашоонун жаркын жана кыйынчылык мезгилдеринде адам болуу деген эмне экенин түшүнүүгө жардам бере ала турган чоң изилдөөлөрдүн башталышынан кабар берет.
    Бул таасирлүү изилдөөдө, Малик Бадри, Батыш психологиясындагы руханий чөйрөнү жокко чыгаруу маселесин карайт жана ой-толгоо (тафаккур) түшүнүгүндө жана практикасында акыл-эсти жүрөк жана жан менен байланыштырган эң күчтүү курал бар экендигин айтат. Ой жүгүртүү, айрыкча Кудай жөнүндө ой жүгүртүү аркылуу биз психикалык оорулардан, тагыраак айтканда «жан дүйнө дартынан» жапа чеккендердин психикасына терең кирип, алардын жан дүйнөсүнүн жай алуусуна жана дарттан сакаюусуна өбөлгө болобуз. Бадри ой толгоонун көптөгөн элементтерин, айта кетсек анын тарыхта маанисинин төмөндөөсүн, Чыгыш салттарындагы түзүлүшүн, жадагалса заманбап психологияда ушундай философиялык аспекттерине кайтуунун жанданып жатышын кыскача түшүндүрмөлөйт. Айтмакчы, ислам салтында ой толгоо тафаккур дегенди туюндурат. Ой толгоо алда-канча чоңураак нерсеге айланды, бул – өзүн таануу жолу гана эмес, ички туюмубузда Кудайды издөө жана Ага берилүү аркылуу, өзүбүздөгү терс нерселерди баспай, жашоодогу жана ааламдагы ордубузду концептуалдуу түшүнүүдөн алыстоо менен дарттан сакаюуга умтулуу болду.