RESOURCES

ИСЛАМДАГЫ ДИНДЕН БАШ ТАРТУУ ТАРЫХЫЙ жана ДИНИЙ АНАЛИЗ

Author: Taha Jabir Al-Alwani

ИСЛАМДАГЫ ДИНДЕН БАШ ТАРТУУ ТАРЫХЫЙ жана ДИНИЙ АНАЛИЗ

    Бул изилдөөнүн максаты – азыркы учурда колдонгон динден баш тартуу термини үчүн мыйзам менен каралган жазанын жана Куран менен Сунна көрсөткөн жазанын ортосунда консенсус жок экендигин көрсөтүү. Динден баш тартуу жөнүндөгү далил Пайгамбарыбыздын жолдоочулары аркылуу берилген хадистер жана салттар жазылган сөздөрүнө жана иштерине таянат. Бул нерсе бизге динден баш тартуу башка кылмыштар менен коштол-босо анда ал мыйзамдуу жазага татыктуу же татыксыздыгын изилдегенге мүмкүнчүлүк берет. Чындыгында Куран менен Сунна адамдардын каалоо-суна, ниетине, оюна, айтып билдирүүсүнө жана иш-аракетине эркиндик берет.
    Ушул максаттын негизинде мусулман юристтердин оозеки Сунна боюнча динден баш тартууга өлүм жазасы болуш керек деген аныктаманы карманган ойчулдардын ар кандай мектептери да изилденди. Бул изилдөөнүн ме-тодологиялык ыкмасы – бул философиялык, аналитикалык жана тарыхый таянак менен бирге Исламдын аяттарын изилдеген илимдерди жана башка байланган илимдердин салттуу ыкмаларын да эске алды. Куран бардык принциптердин жана негиздердин башкы булагы болуп саналат. Сунна болсо Курандын маанисин чечмелеген булак.
Курандын кээ бир лингвистикалык терминдердинин маанисин аныкташ үчүн бир нече критерийлер бар: Куран аркылуу аркыл терминдердин колдонушун кароо, Пайгамбардын Суннада түшүндүрмөсү, арабтардын жашоодо ар кайсы диалектде, адабиятта жана риторикада колдонгону. Бул критерийлердин тизмесин карап, терминдердин араб тилинде колдонуусу Курандын маанисин толугу менен ачып бере албастыгына кепилдик берсе болот.
Алланын тынчтыгы жана салаваттары болсун. Пайгамбардын аты колдон-гон учурда айтылат.
Аягында, Ислам укугунун көзөмөлдөгөн баалуулуктары жана ниети жалпыланган, чындыкты издеген жана динден баш тартуу жөнүндөгү белгилүү бир аяттардын маанисин изилдегенге мүмкүнчүлүк берген жарык жол.

    Ушундай талаш-тартыш болгон суроону чечиш үчүн Мусулман юристтер начар чечмелөөгө же иттижадка кайрылышат. Бул изилдөөдөгү каралган негизги суроо - жекелик динден баш тартуу: адамдын доктриналык ына-нуусунун, ошо менен бирге оюнун, кароосунун жана иш-аракетинин өз-гөрүлүшү. Адамдын доктриналык өзгөрүлүшү коомчулукка же анын көр-сөтмөлөрүнө, адамдын мыйзамдуу диний же саясий башкармачылыгына каршы байланбайт. Ал коомчулукка кандайыр бир жол менен коркутуу туудурган эмес, жөн эле өзүнүн доктриналык көз карашын өзгөрткөн. Ал өзүнүн жакынкы кабыл алган милдетинде коомдук коргоочу болгондун ор-дуна ал динден баш тартууну өзүнүн ичинде сактап калды.
    Бул изилдөөдө ушундай суроолор каралат: динден баш тарткан адамга коомчулук өкүнүчүнө түрткү болсо же болбосо да, Кудай өлүмдү юриди-калык жаза кылып бекиттиби? Ошондой эле адамды себепсиз, өзүнүн көз караштарынын өзгөрүлүшү үчүн гана өлүм жазага тартуу бул мусулман коомчулугунун башкаруучуларынын милдетиби? Биз жогоркуда айтып кеткен кылмыштар менен анын көз карашынын өзгөрүлүшү коштолбосо ушундай кылуу болобу? Эгерде мусулман коомчулугунун мүчөсү ал адам-ды өлтүрүүгө аттанса, анда ал мыйзамды өз колуна алгандан башка жаза-дан жана өч алуудан бошонобу?
    Ошондой эле, ал адамды Исламга кайрылып келүүсүн күч менен мажбур-лоо мусулман коомчулугунун милдетиби? Же Куран ушундай мажбур-лоонун мыйзамын четке кагабы? Ислам пайда болгондон баштап мусулман коомчулугунда динден баш тартууга өлүм каралганына баардыгы эле кошула береби? Же бул көз караш жакшы чагылдырылбаган келише албастыктын себеби болгонбу? Динден баш тартууну Исламдан кетүү деп каралышы керекпи же бул ага каршы агрессиянын көрсөтүлүшүбү? Өлүм жазасын жактагандардын көбүнчөсү динден баш тартууну саясий же кыл-мыштуу күнөө деп эсептешеби? Исламдын авторитардык аяттарында так белгиленгендей мыйзамдуу каралган жаза адамдын күнөөсүнөн кутулуу дегендей болсо, анда өлүм жазасы динден баш тартуудан дагы куткарабы жана кутултабы?
    Бул изилдөөнүн максаты – Ислам салтын Курандын көзөмөлүнүн астына коу менен аны Курандын окутуусуна дал келтирген моделдин ыкмасын көрсөтүү.