RESOURCES

Жараткандын сыпаттарын сүрөттөө

Author: Zulfiqar Ali Shah

Жараткандын сыпаттарын сүрөттөө

    Бул эмгек иудаизмдеги, христиан жана ислам дининдеги, еврейлердин тексттери боюнча Тоораттагы, Жаңы Осуят жана Курандагы антропоморфизм жана келбетке байланышкан (Жаратканга туура келбеген, адамга окшоштуруп сүрөттөгөн терминдер, категориялар жана формалар) маселе-лерди кеңири баяндайт. Бул диний ой-толгоонун мындан ары өнүгүүсүнө карата толук анализ, Жазууларды чечмелөө жана антропоморфизмге карата экзегеттик сындоо, Кудайды кабылдоодо үч каада-салттын баарын-да канчалык деңгээлде таасир эте алды. Кудай адамды өзүнүн образын-да адеби менен жаратты, адилеттүүлүк, теңдик, өз ара мамилелер, сүйүү, мээримдүүлүк, боорукердик жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөр белгилеген чектен чыгып кеткендиги үчүн, Ал адамзатынын бу дүйнөдөгү жашоосуна өкүндү. Адамзаты Кудайдын негизги адеп-ахлактык осуят-тарын, насыятын бузууга барып, аны адамга окшоштуруп жаратты, адам баласы өзүнүн жашыруун амалы менен эгоисттик кызыкчылыгынын айы-нан одонолук менен Айтып бүткүс Трансценденталдык Башканын пады-шачылыгынын түзүлүшү менен мейкиндигин төмөндөтүп жиберип, анын натыйжасын өз башынан өткөрдү. Чындыгында Авраамдын балдары (се-миттик аң-сезим деп түшүнүү керек) Кудайдын артыкчылыгын ушунчалык бирөөнүн керт башына арнап, улутташтырып жана адамдык сапаттарга бөлүштүргөн, натыйжада, өзүлөрү каалагандан да күчтүү, иш жүзүндө өтө ири, өтө ырайымсыз жана коркунучтуу версия келип чыккан. Демек, адамзаты ойлонбостон Кудайды ар түрдүү жекелик, коомдук жана улуттук программаларга, иш жүзүндө колдонууга, идеяларга, симпатияга жана антипатияга жана башкаларга алмаштырышкан, алар мындай бурулуш менен этникалык тиешелүүлүк, раса, мамлекет, идеология жана теологиянын негизинде абсолюттук жалпы улуттук идеяларды түзүүнү көздөшкөн. “Жер”, “раса”, “тарыхый инсандар” сыяктуу чектелген тарыхый кубулуштардын маанисин өтө жогорку деңгээлге көтөрүп жиберүүдө же конкреттүү Ку-дай түшүнүгү менен мыйзамды, табияттын көптөгөн бөлүнгүс абсолюттары менен баалуулуктарын Кудай менен салыштырууда, Жалпы жана Жалгыз Абсолюттукту түбөлүк төмөндөөгө алмаштыруу, акырында адамзатынын колунан келген. Адамдар тарабынан Кудайды улутташтыруу, өзүнө тиешелүү кылуу максатында жаралган керт башка сыйынуунун башталышы кызуу талкууну, курч карама-каршылыкты жараткан мындай көрүнүштөрдүн жыйынтыгында эч нерсе жаңыланмак эмес. Аң-сезимдин жаңылануусу – “деизмден” кийин илимий агностицизм жана акырында атеизм баарын чечип жыйынтыктамак. Анткени илим тынымсыз өнүгүүдө болуп, Карл Маркстын дин элдин башын айланткан опиум деген сыяктуу ырастоолору үммөткө сүңгүп кирип, жаңы маданий идеялар, чакырыктар жогору коюлуп, Кудай жана диний идеялар светтик гуманизм менен материализм философиясына алмаштырылган. Эми адам баласынын бактылуу болуусу өлгөндөн кийинки бейиштеги жашоосу болбой эле бу жашоодогу материалдык керектөөлөрүн максималдаштыруу болуп калды. Аны менен адамдык эгону сыйлоого, сараңдыкка, бейбаштыкка жана көз ирмемдик кумарга умтулууга эмес, жашоонун маңызын, андагы көйгөйлөрдү, руханий, этикалык маселелерди чечүүнү камсыздоо жана тиги дүйнөдөгү жашоого даярдануу үчүн диндердин жаралганын унутта калтырды. Аны ме-нен бирге эскирген түшүнүктөрдү ченөөгө, же санына жараша баамдоого же жөн эле байкоого алууга болбойт. Мындан улам утилитардык чөйрөдөн сырткары жана ага каршы күрөшкөн, ошондой эле өзүн эмприкалык жактан аныкталган илимий фактыга кошпогон, өз кезегинде керексиз болгон Кудайдын башкаруусу башка, ал эми дин коркунучтардын жана тынчсыз-дануунун натыйжасы катары кабыл алынбай калган. Мунун жыйынты-гында Кудайга болгон ишеним абдан трагедиялуу жоголгон, бул тууралуу америкалык динчил Харви Кокс өзүнүн “Светтик шаар” деген эмгегинде Кудайдын өлүмү жана адам баласын кудай катары кароо, Кудайдын артыкчылыгы эмес деп жарыялоого жетишкен.
    Бирок статистикага таянсак, илимий рационализм жана светтик гуманизм менен ишке ашкан батыш ортодоксиясындагы жаңы дүйнө, мүмкүн, кайсы бир деңгээлде биздин аң-сезимибиздеги Кудай түшүнүгүн, диний ишеним-дерди жок кылганы менен, ал адамзатын азап чегүүдөн, акыйкатсыздыктан жана зордук-зомбулуктан кутулта албагандыгын көрсөтөт. Чындыгында эле адамзатынын тарыхындагы өтө коркунучтуу согуштар светтик идеоло-гиянын жана диктаторлор Гитлер менен Муссолининин алдында болуп өт-көн. Кимдир бирөө Агартууга болгон үмүт Освенцимде, социализм менен коммунизмге болгон ишеним 1917-жылдагы большевиктердин револю-циясында, кытай революциясы жана Афганистандын Россияга оккупацияланышы, кубулма капитализм мезгилиндеги илим, эки дүйнөлүк согуштун агымында эле жок болгон деп талашышы мүмкүн. Мындан сырткары акыркы кылымдардагы атеисттик идеялар көптөгөн көйгөйлөрдү, караңгылык, 3 маңкурттук жана максатсыздыкты жаратып, адамды улуу күчтөрдөн жана үмүттөн ажыратты (диний көз караштар аркылуу келип чыккан). Булардын баары Кудайга ишенүү, Ааламдын жаралышы жана жашоонун маңызына салыштырмалуу акылга сыйбайт жана алдаганча көйгөйлүү.
    Кудайды издөө адам табиятынын ажырагыс бөлүгү, анткени аны издөө адам баласынын жашоого жаралуудагы максаты жана маңызы. Мындай жалпы умтулуунун чечилиши адамзатын кудай катары кароо болуп эсептелбейт. Чыныгы чечим жашоонун булагы жана адамзатынын аң-сезиминде кабылдоого татаал болгон, сырдуу, айтып бүткүс, Кудайдын башкаруусунда. Анын ким экендигин чечмелеп, же жөн гана анын бардыгына ишенүү эле эмес, адам баласы тарткан азап-тозокторуна, тынчсыздануусу менен кусалануусунун баарына мына ушул болмуштун эң жогорку булагынан туура жооп таба алат. Дин – бул тереңдеген субъективдүү тынсыздануу, ошон-дуктан Кудай чен-өлчөм аркылуу, ички туюм жана байланыш аркылуу таа-нылат. Биз жаралгандан берки руханий көнүгүүлөрдүн жыйындысы жана такыбалыгыбыз, берилгендигибиз, адеп-ахлактуу жашоо образыбыз менен катышуубузду мындай жооп талап кылат. Жашоодогу боорукердиги менен гана адамзаты өзүмчүлдүктөн, сараңдыктан, тар түшүнүктөрдөн кутулуп, кудуреттүү Кудайдын жалгыздыгы чындык жана космосто экендигин ча-гылдырууда, адамзатынын биримдиги өбөлгө гана болот.
    Дүйнө жүзүндө Кудайга багыттоо максатында болуп жаткан күч колдонуу-лар жана акыйкатсыздыктар, өз ара мамилелерибизде адамдарды кудай катары сезип алган көндүмдүүлүгүбүздү өз ордуна койду, мүмкүн, өнү-гүүнүн жолу - бул алгачкы түшүнүктөн, азыркы күндөгү биз жеткен чекке чейинки учурду камтыган миңдеген жылдар бою Кудайды адам кейпинде төмөн түшүрүп алган деңгээлибизди моюнга алууда болсо керек.
Жалпылаганда, автор космосто Кудайдын бар экендигин жөн эле белгилеп, аны кичинекей Кудайга алмаштырып, так, тарыхый функциясы жана көр-сөтүлгөн жайгашкан орду менен ал жөнүндө ойлогондо, ага болгон улуу сезимден, таазимден жанды алагды кылган постмодернисттик жана денелүү Кудайдын келбетин сүрөттөгөн концепциялар менен Кудайга карата түбөлүк умтулуу басынтылбайт деген көз карашты берген.