RESOURCES

БИЛИМДИН КҮЧҮ

Author: Jeremy Henzell-Thomas

БИЛИМДИН КҮЧҮ

     Учурдагы билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү 
максатында «Мусулман коомчулугунун билим берүү тармагын өнүктүрүү» 
долбоору иштелип чыккан. Бул чөйрөдөгү курч маселелерди чечүүгө 
багытталган чукул сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Долбоордун демилгечилери 
менен Уилсон борборунун кызматташуусунун негизинде 2013-жылдын 
9-10-декабрында «Мусулман коомчулугундагы жогорку билимди реформалоо» 
деген аталыштагы 2 күндүк симпозиум Вашингтон шаарында болуп өттү. 
Бул саамалыкты улай эле, профессор Зиауддин Абделвахаб Эл-Аффенди 
жана доктор Джереми Хензел Томас тарабынан жазылган эмгектердин 
жыйынтыгы менен Ислам ойлору Эл аралык институтунун (IIIT) Лондондогу 
офиси 2014-жылы Улуу Британияда бир нече жолугушууларды уюштуруп 
жатты. Кийинчерээк бул эки аалымдын эмгектерин, профессор Зиауддин 
Сардар «Жогорку билим берүү системасындагы эски түшүнүктѳрдү жоюуу 
же билим берүүдѳ исламдаштыруудан интеграция (биригүү) жолуна ѳтүү»-
деп бир идеяга бириктирип жазган. Ал эми экинчи дүйнөлүк масштабдагы 
«Мусулман коомчулугундагы билим берүүнү реформалоо» аттуу конференция 
2016-жылдын 18-19-мартында Стамбул университетинин Дин таануу факультети 
жана MAYHA тарабынан уюштурулган. 2015-2017-жылдардын аралыгында көп 
сандаган тегерек үстөлдөр Стамбул, Конья, Брюссель, Вашингтон, Кейптаун, 
Лондон жана дүйнөнүн башка шаарларында байма-бай өткөрүлүп жатты.