RESOURCES

МУСУЛМАН АЯЛДАРЫ жана ЖООЛУК МАСЕЛЕСИНЕ КАЙРАДАН КАЙРЫЛУУ

Author: Catherine Bullock

МУСУЛМАН АЯЛДАРЫ жана ЖООЛУК МАСЕЛЕСИНЕ КАЙРАДАН КАЙРЫЛУУ

 

    1991-жылы мен сыналгыдан хиджабга кайрадан кайрылып жатышкан түрк аялдарын көрсөтүп жаткан жаңылыктар репортажын көрүп калдым. Мен аларга таң калып да, аяп да жаттым. “Байкуштар, алардын маданияты мээлерин айландырып жатат”, – деп ойлоп койдум. Көпчүлүк Батыштын адамдарындай эле, ислам аялдарын басынтаарына жана жоолук салынып жүрүү – алардын басмырлануусунун белгиси экендигине мен да ишенчүмүн. Төрт жылдан соң мен дүкөндүн айнегинен так ошол басмырланган аялдар сымал кийинип турганымды көргөндөгү таң калуумду элестете бергиле. Мен магистратурада окуп жүргөн кезимде диний саякатка аттандым, ошол саякатым менин төрт жылдан кийин ислам динин кабыл алуум менен аяктады. Саякатым исламды жек көрүүдөн аны сыйлоону, ага кызыгууну, аны кабыл алууну камтыды. Албетте, аял киши болгондуктан, жоолук тууралуу маселе негизги болчу.

    Исламдын теологиялык негиздерине кызыгуума карабастан, менин оюм боюнча аялдарды басмырлаган тажрыйба жөнүндө кыжаалат болуп жаттым. Жоолук ‒ мусулман аялдары баш тарта албаган маданий салт экенин сезип турдум. Көпчүлүк мусулмандардын ою боюнча эркектер менен аялдарды жабык кийинүүгө мажбурлаган Курандын аяттарын мага көрсөтүшкөндө, чындыгында эле бул аяттар жабык кийинүүнү таңуулагандай сезилди. Мусулман аялдарын аяп, өтө чөгүңкү көңүлдө үйдө ары-бери басып жүрдүм. Эгерде аяттардын мааниси түшүнүктүү болгондо, аларда эч кандай мүмкүнчүлүк болмок эмес: жабык кийинүү талабы динге ишенген мусулман аялдарына гана тиешелүү болмок.

    Исламды кабыл алуу керекпи же жокпу деген бир чечимге келүү үчүн мага бул суроолорду четке жылдырып турууга туура келди. Акыры аягы диндин фундаменталдык теологиялык билдирүүсү “Аллах жалгыз жана Мухаммед (С.А.В.)* Анын акыркы кулу жана элчиси” менен бүттү. Окуумдун бир нече жылдарынан кийин бул аялдар жана ислам маселеси болбогондо... дегенден менде бир да күмөнүм калган жок.

    Мен жабык кийинүү чечимин кабыл алганда, докторлук ишимдин башталганына бир жарым жыл болгон (1994-жылдын июлу), мага жагабы, жакпайбы мен жабык кийинишим керек болду. Бул Кудайдын буйругу жана мен ага баш ийишим керек болчу. Мен өз окуу бөлүмүмдөгү кээ бир адамдарга мен мусулман болоорумду жана кийинки жолу мени көрүшкөндө жабык кийинип жүрөөрүмдү эскерттим. Айтканым ашыкча болбос, элдер аябай таң калышты жана белгилүү болгондо (элдер мени жаңы кийимчен көргөндө), мен кээ бир жек көрүүчүлүк мамилелерге дуушар болдум. Айрыкча эрки күчтүү жана берилген феминист болуп туруп, кантип мен басмырлоо тажрыйбасын колдондум? Кантип мен исламды кабыл ала алдым? Хамастын жаңы эле кылган жоруктарын уккан жок белем? Кээ бир мусулман эркектердин аялдарына кандай мамиле кылганын уккан жок белем? Мен мындай жек көрүүчүлүккө да, секретарлардын, бюрократтардын, медицина кызматкерлеринин же метродогу бейтааныштардын мага кылган ар түрдүү мамилесине да анчалык даяр эмес болчумун. Мен да ошондой сезимде болдум, бирок көбүнчө мага көбүрөөк жек көрүү менен мамиле кылып жатышты. Мага орто класстагы ак аялга кылгандай эмес, терс мамиле жасап жатышты. Бул менин укуктарды чектөө жана расизм менен бет келген эң алгачкы тажрыйбам болчу жана менин мурдагы өз артыкчылык абалымды туура түшүнө албаганымды билүүгө мажбур кылды.

    Менин жаңы мусулман досторум (алардын ичинде көптөгөн хиджаб кийингендери бар) жаңы дин аркылуу тандаган жолумду жана кеңири коомчулуктун реакциясын сезгенимди талкуулаган кезде мени сооротуп жатышты. Менин досторум мындай абалды кантип башкаргандыгына таң калып аттым. Торонтодо хиджаб (жоолук салынып) кийип жүрүшкөндөр алар да өздөрүн мен сыяктуу сезишти бекен же мен өтө эле сезимталмынбы? Метродо адамдар аларды да жалдырап карашты бекен же башка нерсениби? Эмне үчүн мага аëо жана же жек көрүү менен мамиле кылышты? Мындай кыйынчылык убакта мен докторлук диссертацияма тема издеп жаткам жана кээ бир убактарда мындан арылууга канчалык аракет кылсам да, жоолук салынууга болгон реакция изилдөөгө татыктуу тема экендиги анык болду.

    Эмне үчүн “жоолук” Батышта басмырлоонун белгиси катары каралат? Эмнеликтен Батыш ислам динин четке каккандай сезилет? Кантип мен жана менин досторум эркин деп ойлогон нерсеге берилдик жана дагы деле айланабыздагы мусулман эмес коом менен көп пикир келишпестикте болдук? Эмне үчүн элдер ислам жана жоолук жөнүндө биздин ой-пикирибизди билишкен жок?

    Бул китеп ушул суроолорго жооп табуу үчүн жасалган саякаттын натыйжасы. Мусулман аялдарына жана жоолукка кайрадан кайрылуунун негизги максаты – жоолук – бул залимдиктин белгиси деген батыштын белгилүү стереотибине чакырык таштоо. Жоолук бул мусулман аялдарын басмырлоонун белгиси деген белгилүү Батыштын түшүнүгү, жоолук салынган аялдардын баарынын эле тажрыйбасын чагылдырбайт деген түзүлүштөгү элестетүүнү берүү, менин негизги аргументим болуп саналат. Бул конструкция ар дайым Батыштын саясий күчтөрүнө кызмат кылып келген жана ХХ кылымдын аягында да кызматын өтөп келүүдө. Андан сырткары, мен жоолук салынуу басмырлоонун белгиси деген ойлор либералдык “теңдик” жана “эркиндик” түшүнүктөрүнө негизделгенин жана “теңдик”, “эркиндик” жөнүндөгү жоолук салынууну сактоого оң мамилени сунуштаган түшүнүктү жокко чыгарарын тастыктап кетмекчимин.